Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Эл аралык байкоочулар 10-январда өткөн шайлоого жогорку баасын беришүүдө

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов президенттик шайлоо жана өлкөдөгү башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзгөн эл аралык байкоочу миссияларынын башчылары менен жолугушту. Жолугушууга КМШ, ШКУ, ЖККУ Парламенттик Ассамблеясы, ТМКК, ТүркПА, Ислам Кызматташтык Уюму, Россия Федерациясынын БШКсы, Өзбекстан Республикасынын БШКсынан эл аралык байкоочу миссияларынын башчылары катышты. Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу кезексиз президенттик шайлоо менен референдум Кыргызстан эли үчүн, айрыкча, парламенттик шайлоонун жүрүшүндө болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуулар аныкталган Октябрь окуясынын өңүтүндө өтө чоң мааниге ээ болгонун белгиледи. Эл аралык байкоочу миссияларынын өкүлдөрү Мамытовду шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, шайлоо процесси жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын баса белгилешти.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *