Эл каттоо ушул жылдын экинчи жарымында өткөрүлөт

3

Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоо үстүбүздөгү жылдын экинчи жарымында өткөрүлөт. 2020-жылга белгиленген эл каттоо коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу. Өлкөдө COVID-19дун жаңы учурлары дагы эле табылып жаткандыктан, каттоо персоналдарын жеке коргонуу каражаттар менен камсыз кылуу аракеттери жүрүп жатат.