Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Эльвира Сурабалдиева: COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү чараларын элге жеткирүүдө ЖМКнын ролу чоң

COVID-19 пандемиясынын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык чаралардын сакталышы боюнча талаптарды элге жеткирүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу чоң. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугушуусунда билдирди.

Вице-премьер-министрдин айтымында, учурда өлкө боюнча эпидемиялык кырдаал кооптуу болуп турат. Өзгөчө Бишкек шаарында, Жалал-Абад жана Баткен облусунда күн сайын коронавирус илдетинин жаңы учуру көп катталууда.

Буга байланыштуу Эльвира Сурабалдиева ЖМК жетекчилерин аталган көйгөйгө өзгөчө маани берип, калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин активдештирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Өзгөчө тобокелдик тобуна кирген улгайган адамдарыбызга, өнөкөт оорулары бар жарандарыбызга аяр мамиле кылуубуз керек. Жаштар арасында түшүндүрүү иштери кеңейтилиши керек. Бул жаатта жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу өзгөчө. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана коомчулук «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып», бул ооруга каршы ырааттуу иш алып баруубуз зарыл», — деп билдирди ал.

Вице-премьер-министр учурда пандемияга байланыштуу коомчулукта чоң социалдык жоопкерчилик тургандыгын эске салды.

«Ар бирибиздин жекече уюшкандыгыбыздан өлкөнүн бакубаттуулугу көз каранды. Же биз бирдиктүү тартипке келип, өздүк гигиена жана социалдык обочолонуу талаптарын тыкыр аткарып, экономикалык ишмердүүлүккө жол ачабыз, же бардыгын жабып, аралыктан иштөөгө өтөбүз. Ар-бирибиз жаш-кары, айыл-шаар болуп бөлүнбөстөн, бир максатты коюп, бир багытта иш алып баралы. Тартип-ынтымак жана тийиштүү талаптарды так сактоо аркылуу гана бул илдетке каршы туруп, жеңип чыгабыз», – деди Эльвира Сурабалдиева.

Представители и руководители СМИ в свою очередь внесли предложения по активизации информационно-разъяснительной работы по предупреждению и дальнейшему нераспространению COVID-19.

Өз кезегинде ЖМК өкүлдөрү да кооптуу илдетке каршы коомчулук биргеликте иш алып барганда гана анын натыйжасы болоорун белгилешти. Мындан тышкары, COVID-19 пандемиясынын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин активдештирүү боюнча өздөрүнүн иштиктүү   сунуштарын киргизди.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *