Эмгек үчүн кенемте… Катаал шарттарда медкызматкерлер коркпой эле иштей берсе болот

32

Саламаттыкты сактоо кызматкерлери өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режимдеринде коркпостон милдеттерин аткара беришсе болот. Анткени, мындан ары эмгек үчүн кенемте берилет. Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков «Медициналык кызматкердин статусу жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду.