Ишенби, 11 Бугу 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

«Expo Eurasia-Kyrgyzstan 2021»: Экономикалык активдүүлүктү жандандырууга карай кадам

Ордо калаада “Экспо Кыргызстан-Евразия 2021” эл аралык көргөзмөсү старт алды. Көргөзмө 4-апрелге чейин уланат. Анда курулуш, дизайн, транспорттук жана логистикалык үлгүлөр, үй тиричилигине керектүү эмеректер коюлат. Андан сырткары, инвестициялар, энергетика, өрт жана техникалык коопсуздук, бир катар банктар менен камсыздандыруу компаниялары кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу калкка түшүндүрмө берип турушат. Алгачкы ирет уюштурулган эл аралык көргөзмөнүн максаты — ички жана тышкы рыноктордо сапаттуу ата мекендик жана чет өлкөлүк товарлар менен кызматтарды жайылтуу.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *