Бейшемби, 2 Бугу 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Гүлгө оронгон Бишкек. Быйыл жалпы бир жарым миллионго жакын гүл отургузулат

«Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын күнөсканаларына чыныгы жаз келди. Январда себилген бир жылдык гүлдөрдүн уруктары өнө баштады. Жашылдандыруучулар көчөттөрдү шаар клумбаларына олтургузууга чейин дагы өстүрүү үчүн күнөсканадан тере баштады. Отургузуунун алгачкы баскычында Жеңиш аянтына 400 миң гүл отургузулат. Жалпысынан ордо калаанын гүлзарларына бир жарым миллиондой гүл отургузуу, декоративдик жасалгалоо жана бак-дарактарды отургузуу пландалууда.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *