Жекшемби, 28 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Ишкер Эрлист Акунбеков “Айыл чарбанын отличниги” төш белгиси менен сыйланды

Бүгүн, 21-апрелде КР айыл чарба министри Аскарбек Джаныбеков тармакта көп жылдан бери иштеп келген жеке ишкер Эрлист Акунбековго “Айыл чарбанын отличниги” төш белгисин тапшырды.

Жолугушууда фермерлерди жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо, кайра иштетүү цехтерин куруу, тармакты химиядан экого трансформациялоо тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү.

Аталган ишкер «Бай Дыйкан» айыл чарбаны колдоо борборунун жетекчиси. Сөз болуп жаткан борбор 13 жылдан бери иштеп, Кыргызстан дыйкандарынын көпчүлүк бөлүгүн керектүү продукциялар менен камсыздап келет.

Керектүү товарларды сатып гана тим болбой, акысыз негизде лаборатория иштетип, дыйкандарга тажрыйбалуу агрономдор консультация беришет. Учурда борбор Кыргызстандын 41 районунда фермерлерди колдоо борборлорун ачуунун үстүндө иштеп жатат. Ошондой эле, айыл чарбаны химиядан экого трансформациялоо багытында иш алып барып, «Бай дыйкан – бай Кыргызстан» лозунгу алдында ишмердүүлүгүн жүргүзөт.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *