Пирамида
С Вами на все времена!2019-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 32 млрд 400 млн сом жыйналган болсо, былтыр бир млрд сомго көп чогулган. Үстүбүздөгү жылга камсыздандыруу төгүмдөрүнөн болжолдуу 38 млрд сом чогултуу пландалган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Салык төлөөчүлөр үчүн дагы бир жеңилдик 1-апрелден тарта ишке кирет. Анда киреше салыгы, камсыздандыруу төгүмдөрү, эмгек мамилелери сыяктуу отчёттордун 5 түрү бир отчёт болуп бириктирилет. Жаңы форманын артыкчылыгы — бизнес чөйрөдөгү ишкерлерге, салыктык отчёттун 5 түрүн бир учурда ведомствого онлайн форматта тапшырууга шарт түзөт.
Ой-пикир калтыруу