Жума, 17 Бугу 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Ишкерлерге жеңилдик. Салыктар менен салык отчётторунун 5 түрү бириктирилет

2019-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 32 млрд 400 млн сом жыйналган болсо, былтыр бир млрд сомго көп чогулган. Үстүбүздөгү жылга камсыздандыруу төгүмдөрүнөн болжолдуу 38 млрд сом чогултуу пландалган. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Салык төлөөчүлөр үчүн дагы бир жеңилдик 1-апрелден тарта ишке кирет. Анда киреше салыгы, камсыздандыруу төгүмдөрү, эмгек мамилелери сыяктуу отчёттордун 5 түрү бир отчёт болуп бириктирилет. Жаңы форманын артыкчылыгы — бизнес чөйрөдөгү ишкерлерге, салыктык отчёттун 5 түрүн бир учурда ведомствого онлайн форматта тапшырууга шарт түзөт.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *