Пирамида
С Вами на все времена!Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук соңку мезгилде олуттуу маселелердин бирине айланып баратат. Ур-токмокко, катуу мамилеге, зомбулукка кабылып жаткандардын басымдуу бөлүгүн өспүрүмдөр менен аялдар түзөт. Былтыр зомбулук фактысы боюнча 9 миң 25 учур катталса, быйыл январь-февраль айларында эле 1 миң 463 факты аныкталган. Бул расмий гана маалымат. А бирок үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандардын он пайызы гана сотко кайрылат. Көбү тосмо арыздын негизинде кайра бири-бирин кечирип, жарашып алышат. Эми зомбулуктан жабыркагандар тосмо арыз жаза албайт. Кордоо көрсөткөн адамга катуу чаралар көрүлөт.
Ой-пикир калтыруу