Бейшемби, 25 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кабелдик интернет тартууга мүмкүн болбогон 20 мектепке «Илимбокс» орнотулат

Алыскы аймактарда жайгашкан, кабелдик интернетти алып барууга мүмкүн болбогон 20 мектепке «Илимбокс» жабдыгы орнотулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. «Илимбокс» Wi-Fi байланышын тарата алат жана жабдыктын ичинде министрликтин бардык билим берүү ресурстары, электрондук китепканасы, окуучулар жана ата-энелерге башталгыч класстар үчүн иштелип чыккан 7 предмет боюнча электрондук программалык-методикалык комплекси жана башка программалар камтылган.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *