Жума, 17 Бугу 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

“КАМБАР-АТА-1”: ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫККА ЖОЛ АЧКАН ДОЛБООР

«Камбар-Ата-1» ГЭСи келечекте кыргыз элинин, мамлекеттин жана кийинки муундардын бакубатчылыгы үчүн иштей турган долбоор. Бул жаңы ГЭС мамлекеттин пайдасына иштеп баштаган „Кумтөрдөн“ түшкөн каражатка салына баштады. ГЭС курулуп бүтүп калса өзү да „Кумтөргө“ окшогон чоң кошумча киреше булагына айланат. “CASA-1000” долбоору аркылуу эле «Камбар-Ата-1ден» өлкөбүзгө жылына 234 млн. АКШ доллары түрүндө таза пайда түшөт деп божомолдонууда. Камбар-Ата ГЭС-1ди куруунун жалпы сметалык баасы 2 миллиард 916 миллион 600 миң долларды түзөт. Курулуш алты этаптан турат.Белгилүү болгондой, ГЭСти куруу боюнча буга чейин бир эмес, бир нече жолу аракеттер болгон, бирокал ишке ашпай келген. Стратегиялык ири долбоор бүгүн гана ишенимдүү кадам таштады. Айдар Темиралиев темага кененирээк токтолот.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *