Бейшемби, 28 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

КАНАТБЕК АБДРАХМАТОВ УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫН ЖЕТЕКТЕЙТ

Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп Канатбек Абдрахматов шайланды. Мыйзамга ылайык, министрлер кабинети анын талапкерлигин сунуштаган. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Абдрахматов мекеменинин президенти болуп шайланды. Улуттук илимдер академиясынын жалпы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Акылбек Жапаров Илим — бул улуттук ресурс, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн негизги башаты экенин билдирди. Ал белгилегендей, Министрлер Кабинети билим, илим, инновация тармагына артыкчылыктуу багыт катары карап, аларды өлкөнүн экономикасын алдыга сүйрөй турган кыймылдаткыч күчкө айлантуу үстүндө иш алып барууда. Министрлер Кабинетинин башчысы атамекендик экономикага салым кошуучу долбоорлор, стартаптар, илимий изилдөөлөр болсо — өлкө инвестиция кылууга даяр экендигин кошумчалады.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *