“Кепилдик фонду” ААК быйыл айыл чарба жана туризм багытындагы ишкерликти колдойт

30

“Кепилдик фонду” ачык акционердик коому быйыл айыл чарба жана туризм багытындагы ишкерликти колдойт. Бул тууралуу фонддун төрагасы Малик-Айдар Абакиров билдирди. Белгилүү болгондой, жакынкы 2-3 айда фонд ишкерлерге 450 миллион сомго кепилдиктерди берет. Учурда буга чейин кепилденген насыя алгандар алгачкы үзүрүн көрүп жатышат.