Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

КОЧКОРДО УСУБАЛИЕВДИН ЭСТЕЛИГИ АЧЫЛДЫ

Кочкор районунда мамлекеттик ишмер, Кыргызстандын Баатыры Турдакун Усубалиевдин эстелиги ачылды. Иш-чарага Президент Садыр Жапаров да катышып Турдакун Усубалиевдин өзү туулуп-өскөн Кочкор аймагында анын эстелигин орнотуу — мамлекеттик жана коомдук ишмер, өмүрү өрнөк болгон адамдын арбагын эскерүү жакшылыктын жышааны экенин белгиледи. Ошол эле жерде Мамлекет башчысы жергиликтүү тургундар менен баарлашты. Президент аларды угуп, тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди. Нарын облусундагы жумушчу сапарынын жүрүшүндө Жапаров ирригациялык тармактардын даярдыгы менен таанышты. Президент ирригациялык тармактарды оңдоп-түзөө иштерин сапаттуу жүргүзүү зарылдыгын, бул келечекте айыл чарба өсүмдүктөрүн сугарууга байланышкан көйгөйлөрдү азайтууга мүмкүндүк берерин белгиледи.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *