Ишенби, 27 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Коронавирстун жаңы түрүн алдын алуу боюнча даярдыктар кандай?

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 162 адамдан табылып, 2 бейтап көз жумду. Республикалык штабдын билдиришинче Бишкекте аталган илдет — 46 адамдан, Ошто — 13, Чүйдө — 72, Нарын, Жалал-Абад жана Баткенде — 2ден жарандан, Таласта — 1 кишиден табылган. Ал эми бир сутка ичинде 124 адам вирустан айыгып чыккан. Учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги тобокелдик тобундагы медициналык жана социалдык кызматкерлерди эмдөө маселесин карап жатат. Ошол эле учурда Кыргызстанда коронавирустун жаңы түрүн алдын алуу үчүн чек араларда санитардык-эпидемиологиялык чаралар күчөтүлүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *