Бейшемби, 16 Бугу 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Коронавирус: Россия алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирди

Коронавирустан улам дүйнө мамлекеттеринде түзүлгөн кырдаалга абай сала турган болсок, COVID-19 вирусу 2 миллион 420 миңден ашык адамдан катталды. Онлайн картада көрсөтүлгөндөй, коронавирустан 635 миңден ашык киши сакайса, илдеттен 166 миң адам көз жумду. COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны жагынан Америка Кошмо Штаттары, Испания, Италия, Франция жана Германия алдыңкы сапта. Ал эми Кыргызстандык мекендештер миңдеп, миллиондоп жүргөн Россияда коронавирус жуктургандардын саны тез эле өсүп кетти. Акыркы маалыматтар боюнча, коронавирус 47 121 адамдан табылды. Дүйнө жүзү боюнча вирус көп катталып жаткан мамлекеттердин арасында Россия 10-орунда турат.
Ал эми коңшу Өзбекстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 1582ге жетти. Ошентсе да адистердин пикиринде, илдет менен кошуна өлкө колунан келишинче күрөшүп жатат. Бул мамлекетте илдет беш адамдын өмүрүн алса, акыркы маалыматтар боюнча 240 киши айыкты. Оору жуктуруп алгандардын саны дагы да болсо өсүп жаткандыктан Өзбекстан бийлиги карантин режимин 10-майга чейин узартты. Ал эми Казакстанда коронавирус кулачын жайып баратканын баамдоого болот. Акыркы сааттарда бул өлкөдө коронавирус аныкталган 1775 учур катталган. Анын көбү ири шаарларында. Казакстандын борбору Нур-Султанда 381 кишиден коронавирус табылса, Алматыда 525ке жетти. Дарттан 428 киши айыгып үйлөрүнө чыкты, ал эми вирус жуктурган 19 адам өмүрү менен кош айтышкан. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев элин карантин эрежелерин сактоого чакырып, коронавирус өлкөдө жогорку чегине келе электигин айткан.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *