Коронавирус жуктургандар ооруканаларга оор абалда түшүп жатат

56

Кыргызстанда акыркы күндөрү ковидди жугузгандар көбөйүп баратат. Муну санитардык эрежелер көз жаздымда калгандыктан өсүп жатат дешет адистер. Айта кетсек, өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 52 миңден ашты. Кечээ инфекцияга кабылгандар арасында көз жумгандар катталбаганы менен илдет илештиргендердин саны азая элек. Ушундай эле абал коңшу мамлекеттерде жана Европада катаалдагандыктан бир катар чектөөлөр киргизилип жатат.