Жума, 26 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Коронавирусту жуктурган дарыгерлерге компенсация төлөөнүн жаңы тартиби кабыл алынды

Дүйнө жүзүн дүрбөлөңгө салган пандемия башталгандан бери өлкөдө 4150 медициналык кызматкер вирусту жуктуруп алышкан. Бирок арасында иш учурунда эмес, айрымдары тиричилик маалында же башка шартта ооруга кабылгандар бар. Өкмөттүн токтомуна ылайык, кызыл аймакта иштеп жатып илдетти илештирген дарыгерлерге атайын кенемте төлөнүп берилет. Ак халатчан адистин сыркоолоп калышынын себебин министрликтин комиссиясы аныктайт. Буга чейин 1 миң 177 дарыгер тобокелдик үчүн 200 миң сом өлчөмүндө компенсация алышты. Жыл жаңыргандан бери компенсациянын өлчөмү да өзгөргөн.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *