Кулачын кенен жайган коронавируска акыркы сутка ичинде 37 адам кабылды

51

Кулачын кенен жайган коронавируска акыркы сутка ичинде 37 адам кабылды. Оору жуктургандар Бишкек шаары, Чүй жана Ош облусунда катталып, 21 учур Нарындан аныкталган. Эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берген башкы дарыгер Нурболот Үсөнбаев коронавирусту жеңген жарандардын катары да толукталып, жалпы 1350 учурдун 949у айыкканын билдирди.