Шейшемби, 23 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кыргыз экономикасы: реалдуулук жана божомолдор

Коронавируска каршы күрөшүү максатында Кыргыз өкмөтү эл аралык финансылык институттардан 774 млн доллар жардам алат. Каражаттын 173 млн доллары грант түрүндө болсо, 597 млн доллар кредит. Бул Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд. 800 млн. доллардан ашты дегендик. Кыргызстандын экономикасы эгемендик алгандан тарта эле чет элдик жардамдардан жана чет жерде иштеген миллиондон ашык эмгек мигранттарынын акча которууларына көзкаранды. Кыргыз жергесине акыркы сегиз айдагы акча которуулар 107 млн долларга кыскарып 1 млрд. 462 млн долларды түздү. Ал эле эмес өлкө бюджетинин быйылкы дефицити пандемиянын айынан 35 млрд сомду түзгөнүн финансы министрлиги эскертти. Өкмөт болсо мамлекет жарандардын алдындагы социалдык милдеттемелерин толук аткара турганын айтууда.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *