Шейшемби, 30 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЫМАЛАСЫ: ИНВЕСТИЦИЯЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК КЕҢЕЙЕТ

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда отуз жылдын ичинде саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык, коопсуздук тармактарында достук, ишеним, өнөктөштүк мамилелери түзүлүп, өз ара пайдалуу кызматташтык жолго коюлду. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү жасашканда белгилешти. Мамлекеттин башчылары эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын маанилүү жана келечектүү багыттарында иштерди улантууга кызыкдар. Алсак, инфраструктура, транспорт, энергетика, кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарбасы, тоо-кен өнөр жайы, санариптештирүү, туризм, аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле климаттын өзгөрүшү менен күрөшүүдө кызматташтыкты жолго коюу жана жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө озгөчө маани берилет.(2) Эки өлкө жетекчилери “Бир алкак — бир жол” демилгесинин алкагында транспорттук-транзиттик потенциалды пайдаланууну жана бардык иштеп жаткан, ошондой эле жаңы каттамдарды өнүктүрүүнү маанилүү деп эсептешет. Ошондой эле кыргыз-кытай кызматташтыгынын алкагында пандемияга каршы күрөшүү, аймактык коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыз кылуу сыяктуу маанилүү маселелер боюнча өз ара колдоо көрсөтүү биринчи планга чыкмакчы. Садыр Жапаровдун Пекинге болгон жумушчу сапарынын алкагында кандай макулдашууларга жетишилди? Кабарчыбыз Мээрим Дүйшөналиева кененирээк баяндайт.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *