Дүйшөмбү, 20 Бугу 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу. Окуялардын хронологиясы жана серепчилердин пикири

29-апрель, кечки саат бештер чамасында тажик тарап Кыргызстандын «Капчыгай, «Миң-Булак», «Достук» чек ара заставалары менен «Кожогар», «Булак-Башы» чек ара постторун миномет менен аткылаган. Натыйжада Баткендеги «Достук» чек ара заставасы өрттөнүп кеткен. Мындан улам тажик тарапка жооп катары Кыргызстан УКМКсынын «Бөрү» атайын даярдыктагы аскер бөлүгү Тажикстандын «Ходжа Аълло» чек ара заставасын басып алды. Лейлек районунда дагы кыргыз жана тажик чек арачыларынын атышуусу башталган. Эки тараптан тең кошумча күчтөр тартылып, абал курч бойдой калууда. Чек ара жаңжалында жараат алган бир кыргызстандык каза болду. Түзүлгөн кырдаалды иликтөө жана жөнгө салуу боюнча Өкмөттүн деңгээлинде жумушчу топ түзүлдү.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *