Жекшемби, 12 Бугу 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кыргыз-өзбек чек арасы толугу менен такталды

Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырымга созулган чек арасы толугу менен чечилип, тараптар бир бүтүмгө келишти. Эми эки мамлекеттин ортосунда талашка түшкөн жер жок. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында айтты. Мындай жыйынтыкка кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча кезектеги сүйлөшүүлөрдө жетишилген. Эми Өкмөттүк делегациялардын кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча кол коюлган Протоколго ылайык, тиешелүү актылар түзүлүп, ал Жогорку Кеңеште ратификацияланмакчы. Көп жылдардан бери чечилбей келген чек ара маселеси Президенттин Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында ордунан жыла баштаган. Анда Жапаров менен Мирзиёев чек ара маселесин чечүүнү тездетүүнү тапшырып, 3 айда аягына чыгаруу бүтүмүнө келишкени белгилүү.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *