Бейшемби, 18 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫН ДЕЛИМИТАЦИЯЛОО ПАРЛАМЕНТТИН КОМИТЕТИНДЕ КАРАЛДЫ

Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участокторун делимитациялоо боюнча макулдашуунун долбоорун карады. Комитеттин үч окуусунда Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды. Муну менен мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жыйынына кароого жиберилди. Белгилей кетсек, күн мурун Өзбекстандын Парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы кыргыз-өзбек чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорлорун жактырган болчу. Ратификациядан өткөн мыйзам долбоору эми Сенатка жөнөтүлөт.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *