«Кыргызфильм» балдар тасмаларынын сценарийлерине сынак жарыялады

12

Кыргызстанда акыркы 20 жылдан бери балдар үчүн кинотасмалар тартылбай келет. «Кыргызфильм» киностудиясы бул боштукту толтуруу үчүн балдар фильмдеринин сценарийлерине сынак жарыялады. Ага катышууну каалагандар, 1-апрелге чейин арыздарын жөнөтүүсү керек. Мыктыларды чоң суммадагы акчалай сыйлыктар күтөт.