Дүйшөмбү, 29 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

КЫРГЫЗСТАН ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ООГАНСТАН МЕНЕН ПАКИСТАНГА ЭКСПОРТТОЙ БАШТАЙТ

2023-жылы Кыргызстандын энергетика тармагында жаңы барак ачылат. Casa-1000 долбоору ишке кирет. Муну менен энергетика жаатында экспорттук потенциал жогорулайт, кубаттуулугу жогорку курулмаларды куруу үчүн кошумча инвестиция тартууга шарт түзүлөт. Азыркы тапта Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында Casa-1000дин биринчи этабындагы иштер кызуу жүрүп жатат. Аталган долбоор 1 млрд. 100 млн. долларга бааланган. Дүйнөлүк банк каржылоочу ири долбоор Түштүк Азия өлкөлөрүн электр энергия менен камсыздайт. Кыргызстанга 15 жылда болжол менен 1,5 млрд доллардан ашык киреше түшөт. Адегенде Тажикстанга чейинки жалпы узундугу 450 чакырымды түзгөн электр линиясы тартылат. Кененирээк кийинки материалда.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *