Ишенби, 20 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кыргызстан менен Швейцария дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилешүүдө

Швейцариянын Президенти, Федералдык Тышкы иштер департаментинин башчысы, Федералдык кеңешчи Игнацио Кассис Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

Өз куттуктоосунда Кассис мырза “Бреттон-Вудс уюмдарынын добуш берүү тобуна жалпы мүчөлүк биздин өнөктөштүктүн өтө маанилүү өзөктүк элементи болуп саналат жана Швейцария биздин эки өлкөнүн ортосундагы көп жылдык мамилелерди баалайт” деп белгиледи.

Кассис мырза 2022-2025-жылдарга жаңы Кызматташтык программасында көрсөтүлгөндөй, Швейцариянын Кыргыз Республикасы менен кызматташууга умтулуусун баса белгиледи. Бул Программа жергиликтүү деңгээлде көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтарды жакшыртуу боюнча тапшырмаларды биргелешип аткарууга; суу ресурстарын туруктуу башкарууну камсыз кылууга; ошондой эле инклюзивдүү жана туруктуу экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүүгө багытталган. Швейцариянын президенти Игнацио Кассис өз куттуктоосунда: “Бул Программа эки өлкөгө тең пайда алып келет”, — деп белгиледи.

Ошондой эле Кассис мырза Швейцария мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө умтула берээрин баса белгилеп, КР Президенти Садыр Жапаровго жана Кыргыз Республикасынын жарандарына тынч жана бакубат келечек каалады.

Мындан 30 жыл мурун, 1992-жылы 14-февралда Швейцария менен Кыргызстан дипломатиялык мамилелерди түзүп, ошондон бери эки өлкө жакшы мамилени жана ишенимдүү өнөктөштүктү сактап келүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *