Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустун дагы 279 учуру катталды

32

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирустун дагы 279 учуру катталды. Алардын жарымынан көбү Бишкек шаарынынын жашоочуларынан аныкталды. Күндөн-күнгө инфекция илештиргендердин саны көбөйүп жаткандыктан, коомчулукта дарыканаларда дары-дармектердин жетишсиздиги жана кымбаттай тургандыгы айтылууда. Мындан улам дарылардын баасына көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев маалымдады.