Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Кыргызстанда TRT Avaz каналынын бөлүмү ачылат

2022-жылы Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев билдирди. Министр ага улай Кыргызстанда жакынкы арада Түркиянын “ТРТ Аваз” каналынын бөлүмү ачыларын кабарлады. Анкара менен Бишкек маданий алакалар менен гана чектелбей, соода тармагында ишенимдүү өнөктөштөр. ЭАндыктан экономист серепчилер эки өлкөнүн бүгүнкү күндөгү алакасы Кыргызстан-Түркия кызматташтыгынын башталашы гана деп эсептешет. Белгилей кетсек, Түркия Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныган. 31-августта өтөн Кыргызстандын эгемендүүлүгүңүн 30 жылдыгына карата Түркия дос, боордош өлкө катары Анкара шаарында “Манас” баатырдын эстелигин ачты.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *