Кыргызстанда жаратылыш газы 2 сомго кымбаттады

14

Жаратылыш газы болжол менен 10 пайызга кымбаттады. Мындан бир ай мурда жарандар бир куб көгүлтүр от үчүн 16 сом 73 тыйын төлөп келген болсо, учурда 17 сом 60 тыйын төлөйт. Элди көгүлтүр от менен камсыздыган компания газга болгон баа жазында эле көтөрүлөрүн, бирок өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды эске алып 3 ай наркын кармап келгенин айтат.