Лейлектин Кулунду айылында эки бала бакча курулуп жатат

11

Баткен облусунун Лейлек районуна караган Кулунду айыл өкмөтүндө эки балдар бакчасынын курулушу жүрүүдө. Муну менен чек арага жакын жайгашкан аймактын бала бакчага болгон муктаждыгы 100 пайызга жоюлат. Аталган курулуштар Республикалык бюджеттин эсебинен жүрүүдө.