Пирамида
С Вами на все времена!Нооруз майрамында Президенттен өрүк комуз сураган кыз өзүнүн белегин алды. Сокулук музыкалык мектебинин 3-классынын окуучусу Адинай Жумакадырова Садыр Жапаровго кат жолдоп, анда мамлекет башчысынан ага улуттук музыкалык аспап комузду белек кылууну суранган. Катта кыз өрүк дарагынан жасалган комузду каалаарын белгилеген. 20-апрелде Президенттик аппараттан Кудайберген Базарбаев өнөрлүү жеткинчекке музыкалык аспапты тапшырып жатып, өлкө башчысы ар дайым балдар маселесине көңүл буруп, жаш муундарды ар тараптуу өнүктүрүүнү артыкчылыктуу багыт деп эсептерин белгиледи.
Ой-пикир калтыруу