Өлкө боюнча сасык тумоого каршы эмдөө иштери улантылууда

16

Быйыл Саламаттыкты сактоо министрлиги былтыркы жылга салыштырмалуу сасык тумоого каршы вакцинаны көп сатып алууда. Дарыгерлер мунун себебин дүйнөнү каптаган коронавирус илдети менен байланыштырышууда. Жугуштуу инфекциялык оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динагүл Оторбаеванын айтымында, эгер бейтап сасык тумоо жана COVID-19 илдетинин курч түрү менен бир учурда ооруп калса, өпкө катуу жабыркайт. Ал эми алдын ала эмдөө оорунун жеңил өтүшүнө жардам берет.