Ишенби, 18 Бугу 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

МААЛЫМАТТЫК СОГУШ КЫРГЫЗСТАНДА КАНЧАЛЫК АКТУАЛДУУ?

Интернеттин заманы. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө коомчулукка маалымат жеткирүүнүн жолу кыйла өзгөрдү. Ошол эле учурда адамзаттын пикирин башка тарапка бурмалап, жалган маалыматтарды жайылтуу жолун кеңири колдонуп жаткан социалдык тармактардын саны да күн санап өсүүдө. Ушундан улам маалыматтык согуш талаасы түзүлүп, дүйнө элинин коопсуздугуна коркунуч жаратууда. Бүгүн борбор калаада өлкөнү жана калкты маалыматтык чабуулдардан коргоонун жолдору талкууланды. Аянтчага эл аралык эксперттер, саясат таануучулар, илимпоздор, коопсуздук боюнча эксперттер жана коомдук ишкерлер катышты. Анда маалыматтык согуштун максаттары, милдеттери, анда колдонулган технологиялар жөнүндө ойлору угулду. Бул маселе Кыргызстанда канчалык актуалдуу? Кабарчыбыз Айдар Темиралиев жооп издеп көрдү.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *