Шейшемби, 16 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

«Марал ТВ» ТРБКсынын 10 жылдыгына карата өткөрүлгөн ЖМКлар аралык турнирден фотобаян

11-сентябрда «Марал ТВ» телерадио берүү компаниясынын 10 жылдыгына карата уюштурулган ЖМКлар аралык футболдук турнирде «Пирамида» телеканалы чемпион аталды.

Турнир саат 9:00дөн тарта «Ала-Тоо» эл аралык университетинин жана «Сейтек Тунгуч» толук эмес жалпы билим берүү мектебинин стадионунда болуп өттү. Ага Коомдук телерадио берүү корпорациясы (КТРК), «Kyrgyz Sport» телеканалы, «Азаттык» радиосу, «5-канал» телеканалы, Кыргыз радиосу, «Марва» телеканалы, «Пирамида» телеканалы, «СТВ» телеканалы, «КТРК Спорт» каналы, «KLOOP.KG» сайты, ЭлТР телерадио компаниясы, «Марал ТВ» телерадио берүү компаниясы — жалпы 12 команда катышты.

Алгач командалар төрт тайпада оюн өткөрүп, жыйынтыгында 4/1 баскычка 8 команда өттү.

Жарым финалдык баскычтын биринчи оюнунда «КТРК» командасы менен «ЭлТР» командасы беттешип, «КТРК» 3:0 эсебинде утуп алды. Ушул эле баскычтын экинчи оюнунда «Пирамида» командасы «Кыргыз спорт» командасын 3:2 эсебинде жеңип, финалга өттү.

«Кыргыз спорт» командасы «ЭлТР» командасын 5:4 (негизги оюн: 2:2, айып аянтчасынан тебүү: 3:2) менен утуп, 3-орунду ээледи.

Финалдык беттеште «КТРК» командасы менен «Пирамида» командасы бет келип, оюн 2:0 эсебинде «Пирамиданын» пайдасына аяктады.

Командаларга берилген белектер төмөнкүдөй болду:

Бүгүнкү мелдешке катышып бергени үчүн «СТВ», «ЭлТР», «КТРК Спорт», «Марва ТВ», «5-канал», «KLOOP.KG», «Кыргыз радиосу», «Азаттык» командалары кызыктыруучу сыйлыктар жана демөөрчүлөрдүн атайын белектери менен сыйланды.

Ал эми 3-орунду алган «Кыргыз спорт» командасына коло медалдар жана 4 миң сом акчалай сыйлык, 2-орунду алган «КТРК» командасына күмүш медалдар жана 6 миң сом акчалай сыйлык, 1-орунду алып, чемпион аталган «Пирамида» командасына «Марал ТВнын» Кубогу, алтын медалдар жана 10 миң сом акчалай байге берилди.

Булардан тышкары «КТРК» командасынын оюнчусу Кадыр Султаналиев «Мыкты дарбазачы», «Пирамида» командасынын оюнчусу Азат Муратбеков «Мыкты оюнчу» деп табылып, акчалай байге жана диплом менен сыйланды.

Бүгүнкү өткөн турнирдик оюндарга Кыргыз футбол союзунун мүчөлөрү калыстык кылышты.

Мелдештин башкы демөөрчүсү: «Белая река» ЖЧКсы;

Расмий демөөрчүлөрү:

Bishkek Petroleum май куюучу жайы;

Emir Building курулуш компаниясы;

Ala-Too Building курулуш компаниясы;

«Ихсан» курулуш компаниясы;

NITRO суусундук ишканасы;

Green Sitiy комплекси;

BOOK House китеп дүкөнү;

KAOB билим берүү мекемеси;

«Ала-Тоо» эл аралык университети;

«Сейтек Тунгуч» толук эмес жалпы билим берүү мектеби.

«Марал ТВ» телерадио берүү компаниясы оюнга катышкан жалпы командаларга жана турнирге демөөрчүлүк кылган ишкана-мекемелерге терең ыраазычылык билдирет.

«Марал ТВ» телерадио берүү компаниясы — Кыргызстандын улуттук медиабренди. Компания алгач 2011-жылы «Марал FM» радиосу катары Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында обого чыккан. 2015-жылы Бишкек шаарына жана Чүй облусуна 88,5 жыштыгында тартып баштаган. Учурда «Марал ТВ» ТРБКсы мультимедиа катары радиоуктуруу, телекөрсөтүү, сайт багытында иш алып барат.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *