Ишенби, 18 Бугу 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

МАРШРУТКА СҮЗҮП КЕТКЕН ОКУУЧУ КЫЗДЫН АКЫРЕГИНЕ ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЛАТ

 17-февралда Бишкек шаарында маршруттук таксинин айдоочусу сүзүп кеткен 11 жаштагы окуучу кыздын акырегине операция жасалат. Бул тууралуу Медициналык тез жардам шаардык балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов Пирамида телеканалына билдирди. Жабырлануучу окуучу кыз баш сөөгүнөн жаракат алып, колу-бутунда, көкүрөгүндө жана ичинин алдыңкы бөлүгүндө гемотомалары бар. Учурда окуучу оорукананын нейрохирургия бөлүмүндө, дарыгерлердин кароосунда. Жол кырсыктын чоо-жайына кесиптешим Айьза Камчыбекова кененирээк токтолот.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *