Жекшемби, 5 Бугу 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

МАСШТАБДУУ КОШ МАЙРАМГА АКЫРКЫ ДАЯРДЫКТАР КӨРҮЛҮҮДӨ

Эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар эртең Чуңкурчак жайлоосунда өтүп, салтанаттуу ачылыш аземи саат 11де болот. Ага президент Садыр Жапаров баш болгон өлкө жетекчилери катышат. Иш-чаранын алкагында “Ынтымак” фестивалы, улуттук оюндар, боз үйлөрдөн турган айыл уюштурулуп, театралдашкан оюн-зоок жана концерттик программа тартууланат. Кечке дейре созулган иш-чара телеканалдар жана социалдык тармактардагы баракчалардын түз эфиринде көрсөтүлөт. Бүгүн масштабдуу иш-чарага акыркы даярдыктар көрүлдү. Ага биздин чыгармачыл топ күбө болуп кайтты.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *