Шейшемби, 23 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Медицина кызматкерлерине кошумча төлөмдөрдү төлөө үчүн 700 миллион сом талап кылынат

Коронавирус менен күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерине жыл аягына чейин кошумча төлөмдөрдү төлөө үчүн 700 млн сом талап кылынат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында каржы министринин орун басары — Борбордук казынанын директору Марлен Амандыков билдирди. Март, апрель, май айында иштеген медицина кызматкерлеринин кошумча төлөмдөрү төлөнүп бүткөн. Ал эми июнь айынан баштап жыл аягына чейин медиктер үчүн кошумча төлөнүүчү каражаттар бюджетте каралбагандыктан, каражат тартуу маселеси жүрүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *