Пирамида
С Вами на все времена!Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы Эльвира Жаркееванын ишине байланыштуу соттук териштирүү уланууда. Анда күбө катары сурак берип жаткан Президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев, Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берип, ага карата козголгон мыйзамсыз кылмыш иштерине экс-канайымдын тиешеси бар экендигин билдирди. Тагыраагы, Раиса Атамбаева «B.LS» курулуш компаниясына байланыштуу кылмыштуу иштин башында тургандыгын ырастоодо.
Ой-пикир калтыруу