Навигациялык пломбалар бажыдагы башаламандыкты азайтат

11

2022-жылдын орто ченинен баштап Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттерде электрондук навигациялык пломбаларды пайдалануу ишке кирери күтүлүүдө. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын Бишкекте өткөн кеңешмесинде айтылды. Транспортторго орнотулган навигациялык пломбалардын жардамы менен товарларды ташуулар көзөмөлдөнүп, бажылык транзиттөөнүн бирдиктүү тутуму өнүктүрүлмөкчү.