Жума, 29 Жалган куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

Ош шаарында жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу аяктоодо

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Ош шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасына жаңы тез жардам унаасынын ачкычын тапшырды. 100 орундуу аталган оорукана 107 миллион сомдон ашык каражатка курулду. Объекттин курулушу «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду» аркылуу каржыланган. Талант Мамытов жаңы оорукана коронавирус жана пневмониянын оор түрлөрү менен ооругандарды тейлөө үчүн бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалганын канааттануу менен белгиледи. Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу оорукананын эмгек жамааты менен баарлашып жатып, медицина кызматкерлерин бүгүнкү күндүн каармандары деп атады. (2)Ал арада Саламаттык сактоо министрлиги материалдык-техникалык базасын чыңдап, керебеттердин санын көбөйтүүнү пландоодо. Ошондой эле министрлик Россиядан мобилдик лаборатория сатып алганы турат. Муну менен мобилдик лабораториялардын саны 4кө жетти.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *