Ошто эки жугуштуу оорулар ооруканасы курулууда

77

Ошто эки жугуштуу оорулар ооруканасы курулуп жатат. Алар Ош шаарында 100 орундуу жана Кара-Суу районунун Катта-Талдык айылында курулуп жаткан 150 орундуу оорукана. Бул жерде заман талабына ылайык бардык шарттар каралган. Мындан сырткары курулуш иштерин тез арада бүтүрүү пландалып, август айынын аягында пайдаланууга берилиши күтүлүүдө.