Ошто электробус чыгара турган завод ишке кирди

330

Президент Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна жасаган иш сапарынын биринчи күнүндө бир катар объектерди кыдырды. Атап айтсак, Ош шаарында жайгашкан “Кыргыз Унаа Курулуш” заводуна баш багып, андагы иштер менен таанышты. Ошондой эле Жапалак айыл аймагындагы 10 калктуу конушту таза суу менен камсыз кыла турган долбоордун курулушунун жүрүшүнө күбө болду.