Пандемияда күчөгөн жумушсуздук маселеси кантип чечилүүдө?

12

Февралдан тарта “Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду” жарандарга кыска мөөнөттүү курстарды окута баштайт. Негизги максаты – эмгек рыногунда керектүү кесип ээлерин даярдоо жана жарандарды жумуш менен камсыз кылуу. Албетте, мындай кабар кубандырбай койбойт. Анткени Жер шарын каптаган жугуштуу илдеттин айынан чет жакта иштеп жүргөн 50 миңден ашык эмгек мигранты Кыргызстанга кайтып келишкен.