Парламент өзгөчө абал режимин узартуу жөнүндөгү президенттин жарлыгын бекитти

25
Парламент өлкөнүн айрым шаарлары жана райондорундагы өзгөчө абалдын режимин 30-апрелге чейин узартуу жөнүндөгү президенттин жарлыгын бекитти. Мындай токтом бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында кабыл алынды. Жыйынга мамлекет башчысы да катышып, өз сөзүндө ал өзгөчө абал режимин узартуу боюнча чечим оңой эмес болгонун билдирди. Анын айтымында, оору жуккан жарандардын саны өсүүдө, өлүмгө дуушар болгон учурлар да бар.