Шаршемби, 24 Чын куран 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

ПРЕЗИДЕНТ АЛГАЧКЫ АТАМЕКЕНДИК АВТОБУСТУН РУЛУНА ОЛТУРДУ

Бүгүн Президент иш сапары менен Чүй облусун кыдырды. Анда мамлекет башчы арматура чыгаруучу жаңы завод ишке киришине күбө болуп, автобус кураштыруучу алгачкы ата мекендик ишкана менен таанышты. Мамлекет башчы Чүй облусундагы ири куюучу ишкананы кеңейтүү үчүн капсула салып, жумушчу сапарынын алкагында Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы «Вулкан плюс» куюу цехинин иши менен жакындан таанышты. Бишкек-Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоонун жүрүшүнө күбө болуп кайткан Президент Бишкек-Кара-Балта унаа жолун толук реконструкциялоону 2022-жылдын аягына чейин бүтүрүүнү тапшырды. Мамлекет башчынын Чүй облусуна болгон жумушчу сапарына кесиптешим Айьза Камчыбекова токтолот.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *