Реформага байланыштуу сунуштар митингдерде эмес, Конституциялык кенешмеде айтылышы керек

9

Кыргызстанда боло турган реформаларга карата коомчулуктун тигил же бул суроосу боюнча сунуш-пикирлери эске алынат. Ал үчүн Конституциялык кеңешменин аянтчасы бардык шарттарды түзүп жатат. Анда кызыкдар тараптардын ойлору четке кагылбай, күңгөй-тескейи секцияларда талкууланып Жаңы Баш мыйзамдын долбооруна камтууга жол ачылууда.