Жума, 10 Бугу 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

ӨСҮМДҮК МАЙЫН, ШЕКЕРДИ, УНДУ ӨЛКӨДӨН ЧЫГАРУУГА ТЫЮУ САЛЫНДЫ

Кыргызстанда дээрлик 6 айга жете тургандай кумшекердин жана өсүмдүк майынын кору бар. Ошондой эле шекер жана суу май өндүрүүчү ишканаларда күн сайын тонналаган продукция чыгарылууда. Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун айтымында, эми өлкөгө импорттолгон кумшекер жана өсүмдүк майынан кошумча нарк салыгы алынбай турган болду. Жакын арада ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден тышкары үчүнчү өлкөлөрдөн кумшекер жана кант тростниги келе баштайт. (2)Ошондой эле бизде ундун запасы да жетишерлик көлөмдө. Мындан улам күнүмдүк керектелчү азык-түлүк калбай калат деп кооптонууга негиз жок экендигин айыл чарба министри белгилейт. Ал эми бааларды көзөмөлдөө максатында соода түйүндөрүндө жана базарларда рейддер жүргүзүлүүдө.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *