Жекшемби, 12 Бугу 2024
  • English English Kyrgyz Kyrgyz Turkish Turkish

С.Жапаров: Сотторду тандоо процессин бизнеске айландырбай, таза иштөөгө убакыт келди

Сотторго кайрылган жарандар Фемида өкүлдөрүнүн акыйкат жана калыс чечимин күтүшөт. Мындан улам соттук кызматка дасыккан, тажрыйбалуу, таза жана чынчыл адистер келиши зарыл. Бул туурасында 23-апрелде Президент Садыр Жапаров бир ай мурда Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген Судьяларды тандоо кеңешинин курамы менен жолугушканда айтты. Мамлекет башчысы билдиргендей, Кыргызстан көз карандысыздыкка жетишкенден бери соттук-укуктук реформалар жасалганы менен, сот органдары мыйзамдуулукту сактоодо жана бузулган укуктарды калыбына келтирүүдө милдеттерин толук кандуу аткарган эмес. Соттор көз каранды болбой, чыныгы адилеттүү сот бийлигин түзүүгө өз салымын кошууга убакыт келди.

Ой-пикир калтыруу

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *